Товардын сапаттулугу

Биздин Шварцвальд наабайканабыз Германиянын жана эл аралык HCCP стандарттарына ылайык иштейт деп толук түрдө ишенимдүү айта албыз. Ар дайым жергиликтүү текшерүүдөн жана өзүбүздүн жеке көзөмөл тобунан текшерилип турабыз.

Биздин башкы немис ашпозчубуз мезгил мезгили менен наабайканабызга продуктуларыбызды жакшыртуу максатында келип турат жана өзүнүн сапаттулукту көзөмөлдөө пункттары аркылуу текшерип турат. Текшерүүдөн биздин ппродуктуларыбыз гана эмес, ошондой эле иштетүүчү жабдуулар да өтүп турат.

Жумушчуларыбыз ар дайым Кыргыз жана Эл аралык стандарттарга ылайык медициналык текшерүүдөн өтүп турат. Текшерүү жергиликтүү органдар жана бейтапканалар көз астында жүрөт.

Продуктуларыбыздын сапатын андан ары жакшыртуу максатында КРдын Ысык- Көл облусунда немис фермери тарабынан өстүрүлгөн “Био-унду” бир катар продуктуларга колдоно баштадык. Бул биздин кардарлардын ден соолугун чыңдоосуна шарт түзөт.

«Фитнес сэндвич» аттуу продуктубуздун курамында унду майдалоодон бөлүнүп чыккан уруктардын ичинде «Kleie» уругу да бар. Анын курамында көптөгөн пайдалуу заттар көп да тамак сиңирүүгө зор жардамын тийгизет. Бул да кардарларыбыздын ден соолугу үчүн!

Биздин продуктулар эч кандай химиялык кошулмаларды жана башка органикалык эмес азыктарды камтыбайт!

Айлана чөйрө/ Климаттын өзгөрүшү:
Биздин жетекчилик тарабынан продуктулардын пластикалык оролуп чыгуусун болушунча азайтуу максаты коюлган. Ошондуктан продуктуларыбыздын көпчүлүк бөлүгүн кагаз калтачаларына же кагаз корпустарына салып чыгарабыз.

Сайт аркылуу заказыңар өнөктөшүбүз “Милан кызматы” компаниясынын жардамы менен жеткирилет. Бул компаниянын бир катар унаалары электр- тогу менен жүрүчү унаалар.